КИРИШ СӨЗ
Бир эле муунуңузду кыймылдатуу үчүн дагы денеңизде канчалаган процесстер ишке ашат. Ал процесстер сиз чечим алгандан башталат жана тереңдеген сайын комплекстүүлүгү артат. Мээңизде буйрук пайда болгондон башталган реакциялар чынжыры саны жагынан балким миллиарддарга жетет жана алардын ар бири үчүн денеңизде сансыз ферменттер кызмат кылышат. Жөнөкөй бир кыймыл-аракет жасашыңыз үчүн дагы клеткалардын ичинде көптөгөн процесстер ишке ашат. Ар бир кыймылыңыз үчүн миллиарддаган процесс жүрүп жатканда, бир жагынан мээңиз иштейт, жүрөгүңүз согот, денеңизге кирген тамак-аштар сиңирилет, кан тынымсыз айланат, клеткаларыңыз көбөйөт, бүт органдар өз функциясын катасыз жана системалуу түрдө улантышат. Клеткаларыңыздагы процесстер эч токтобойт. Сиз аларды сезбейсиз жана башкара албайсыз. Алардын өз кызматтарын аткарып, өмүрүңүздү улантып жатканына ыраазы болосуз. Бирок чындыгында ферменттердин да, башка белоктордун да жана аларды башкарып турган чоң молекулалардын да бир нерсе кыла турган күчү ...